Бөлүмдөр
Жекшемби, 26-май
Жалал-Абад облусуАксы району 02.05.2019 13:00

Аксыда элеттик ишкер аялдар футболдон мелдешти (сүрөт)

Turmush -  Жалал-Абад облусунун Аксы районуна караштуу Кашка-Суу айыл аймагында 1-майда «Биздин айылдагы жаңы мүмкүнчүлүктөр» деген темада жармаңке уюштурулуп, анын алкагында элеттик кыз-келиндер жана аялдар арасында футбол боюнча мелдеш өттү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Аталган иш-чарага акимдин орун басары Дамира Абдылдаева, Кашка-Суу айыл аймагынын башчысы Улукбек Керимкулов, айылдык кеңештин төрагасы Өмүркул Мамадалиев, жергиликтүү кеңештин депутаттары, аялдар кеңешинин төрайымы Азада Кыдыралиева, Жалал-Абад айылдык консультациялык кызматынын кызматкерлери жана жергиликтүү тургундар катышты.

Аксыда биринчи жолу аялдар арасында өтүп жаткан футбол боюнча мелдешке Туюк-Жар, Кара-Башат, Өлөң-Булак жана Кара-Дөбө айылдарынан келген кыз-келиндерден турган жалпы 10 команда катышты. Жыйынтыгында жеңүүчүлөр аныкталып, аларга кубок жана ишкердикти өнүктүрүүгө багытталган белектер тапшырылды.

Мындан тышкары, кол өнөрчүлөрдүн эмгектери жана тамак-аш азыктары жармаңкеге коюлган.

БУУнун Кыргызстандагы аялдар түзүмүнүн колдоосу алдында «Элеттик аялдардын экономикалык укуктарын жана мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү» программасын «Жалал-Абад аймактык консультациялык кызматы» коомдук фонду менен чогуу жүзөгө ашырууда. Бул программанын алкагында, аз камсыз үй-бүлөлөрдөн сүттү кайра иштетүү, кол өнөрчүлүк жана жашылча-жемиштерди өстүрүү боюнча атайын топтор түзүлгөн. Алар жармаңкеде жаздык тигүү, салат жасоо, сүттү кайра иштетүү боюнча мастер класс өткөрдү.

Кашка-Суу айыл аймагы 7 айылдан туруп, 10 миңге жакын жашоочу, 5 мектеп, 2 бала бакча бар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×