Бөлүмдөр
Жекшемби, 26-май
Жалал-Абад облусуНоокен району 02.05.2019 09:48

Ноокендик ишкер 6 млн сомго бала бакча куруп, өкмөткө өткөрүп берди (сүрөт)

Turmush -  Ноокен районунун Момбеков айыл аймагында 52 орундуу бала бакча пайдаланууга берилди.

Аймактык кабарчы маалымдагандай, ачылыш аземге райондун акими Эркин Маматаев, райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Бакыт Козуев, Момбеков айыл аймагынын өкүлдөрү, жеке ишкер Момунжан Алиев, бала бакчанын кызматкерлери жана жергиликтүү тургундар катышты.

Б.Козуевдин айтымында, аймакта бала бакчага болгон муктаждык күч.

«Район боюнча жалпы 51 бала бакча бар. Бул көрсөткүч 137 миң калкы бар районго аздык кылат. Башкача айтканда аймакта бала бакчага болгон муктаждык күч. Бул көйгөйдү чечүүгө бизге жеке ишкерлер жардам берип жатышат. Жаңы ишке кирген бала бакча өкмөттүн балансына өттү. Эми анда 50дөн ашуун бала тарбияланат. Алар үчүн керектүү шарттар түзүлүп, заман талабына ылайык эмеректер алынды. Мындан тышкары, учурда Ноокен районунда дагы 4 бала бакча курулуп жатат», - деди ал.

Ал эми бала бакчанын директору Фарида Абдижибекова буга чейин алар эски имаратта иштеп келишкенин айтты.

«Буга чейин жергиликтүү тургундардын балдары 1963-жылы курулган эски бала бакчада тарбияланышчу. Жылдан жылга калктын саны көбөйгөндүктөн айыл тургундарында балдарын бакчага берүү маселеси жаралып келген. Анткени бакчада орун чектелүү эле», - дейт Ф.Абдижибекова.

Маалым болгондой, жаңы бала бакча жеке ишкер М.Алиев тарабынан жалпы 6 млн сомдой каражатка курулуп, өкмөттүн балансына өткөрүлүп берилди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×