Бөлүмдөр
Жекшемби, 26-май
Жалал-Абад облусуСузак району 01.05.2019 09:35

Сузакта милициянын көчмө кабылдамасы кайрадан жанданды

Turmush -  Сузак районунда милициянын көчмө кабылдамасы кайрадан жанданып, жарандардын ар түрдүү арыздарын кабыл алууда. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, көчмө кабылдама 102 кызматына байланышкан жарандарга барып, алардын арыздарын кабыл алат.

«Милициянын көчмө кабылдамасы жандандырылгандан бери 37 жолу алыскы аймактарга иш сапар уюштурулуп, жалпы 75 адам кайрылган. Алардын ичинен ар түрдүү маңызда 42 (таза суу маселеси жана жолбун иттерди жок кылуу боюнча), коопсуздук багытында 12 арыз-даттануулар кабыл алынып, кайрылган 31 жарандын маселесин жеринде чечишкен», - деп айтылат маалыматта.

Кыргызстандын аймагында өзүнүн ишмердүүлүгүн көрсөтүп, укук коргоо жана башка көптөгөн тармакта жакындан жардам берип, эл менен милициянын ортосундагы мамилени чыңдоого өз салымын кошуп келе жаткан Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюму тарабынан жүргүзүлгөн «Милициянын көчмө кабылдамасы» боюнча иш-чаралар жер-жерлердеги шаардык жана райондук ИИБдерде уланууда.

Аталган уюм тарабынан ар бир аймактын жер шартына жараша буга чейин атайын жабдылган автоунаалар берилип, күйүүчү майына чейин каржыланат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×