Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 22-июль
Жалал-Абад облусуТоктогул району 30.04.2019 16:34

Токтогулдун жаштарына баңгизат колдонуунун зыяндуулугу тасма аркылуу көрсөтүлдү

Turmush -  Токтогул районунун аймагында «Тартип, тынчтык, достук жана ынтымак» деген ураандын астында жаштарды сергек жашоого, мекенчилдикке үндѳгѳн саамалык өтүп жатат. Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, иш-чара Токтогул РИИБдин башчысы, милициянын полковниги З.Т.Ормоновдун демилгеси менен ишке ашты.

Иш-чаранын алкагында Токтогул РИИБдин ѳспүрүмдѳр жана окуучулар арасында болуп жаткан укук бузуулар, кылмыштуулук боюнча баяндамасы район активдерине тааныштырылып, 7-11-класстардын окуучуларына кылмыштуулуктун алдын алуу, баңгизат колдонуунун зыяндуулугу боюнча кыска метраждуу документалдуу тасмалар көрсөтүлүп, түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жатат.

Мындан тышкары, мектептер аралык мамилени чыңдоо, окуучулар арасындагы мектеп рэкетчилигин алдын алуу максатында спорттун волейбол жана аркан тартыш түрлѳрү боюнча мелдештер уюштурулду.

«Токтогул районунда 32 мектеп бири-биринен алыс жайгашкандыгына байланыштуу иш-чаранын 2-3-этабы 3 аймакка бѳлүштүрүлүп ѳткѳрүлүүдѳ. Анын жүрүшүндѳ Терек-Суу аймагы боюнча 6 орто мектептин арасында спорттук мелдеш өттү. Мелдештин катышуучуларына, күйѳрмандарга жергиликтүү тургундар тарабынан ысык тамактар уюштурулуп, келген коноктор жана спортчулар тарабынан ыраазычылыктар айтылды. Ал эми жеңүүчүлѳргѳ атайын дипломдор, баалуу сыйлыктар каралып, андан сырткары мугалимдерге, коомдук коопсуздукту камсыздоодо ѳздѳрүнүн үзүрлүү салымдарын кошкон айыл тургундарына ардак грамоталар тапшырылды», - деп айтылат маалыматта.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×