Бөлүмдөр
Жекшемби, 26-май
Жалал-Абад облусуАла-Бука району 30.04.2019 15:00

Ала-Букада мал уурулуктун алдын алуу үчүн видео байкоо орнотулду

Turmush -  Ала-Бука районунун 3 айыл өкмөтү жана Чаткал районунун 1 айыл өкмөтү чектеш жайгашкан унаа жолдун кесилишине видео байкоо орнотулду.

Көк-Таш айыл өкмөтүнүн тургундары маалымдагандай, видео бойкоо мал уурулуктун жана ар түрдүү кылмыштардын алдын алуу максатында жеке ишкер тарабынан орнотулган.

Ала-Буканын Көк-Таш, Көк-Серек 1-Май айыл өкмөттөрү Өзбекстан менен чектешет. Ал эми Чаткал районунун Сумсар айыл өкмөтү аталган 3 айыл өкмөткө чектеш жайгашкан.

Көк-Таш айыл өкмөтүнүн тургундары буга чейин мал уурулук көбөйүп жатканын айтып келишкен болчу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×