Бөлүмдөр
Жекшемби, 26-май
Жалал-Абад облусу, Кара-Көл 30.04.2019 12:20 Жаңыланды: 12.05.2019 15:32

Айыл турмушу: Мугалим Г.Ызакова өнөрү менен кошумча киреше табат (сүрөт)

Turmush -  Кара-Көл шаарынын 42 жаштагы тургуну Гүлнара Ызакова 20 жылдан бери билим берүү тармагында эмгектенет. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, ал 1977-жылы Кара-Көл шаарында төрөлгөн. Атасы — Самарбек тракторчу, апасы — Чырбан «Достук» заводунун жумушчусу болуп иштеген. Үй-бүлөдө үч бир туугандын ортончусу. Бала кезинен бери 2-топтогу майыптыгы бар. 1985-жылы Панфилов районундагы атайын мектеп-интернатында билим алган. Мектепти 1995-жылы аяктап, ошол эле жылы Кара-Көл шаарындагы №89 кесиптик лицейдин бухгалтердик бөлүмүнө кабыл алынган. Окууну аяктаган соң №6 Т.Темиров атындагы орто мектепке көркөм ийримдин жетекчиси болуп жумушка орношкон. 2002-жылы ЖАМУнун биология факультетинде билим алып баштап, аны 2009-жылы аяктаган. Учурда №6 мектепте химия, биология сабагынан мугалим болуп эмгектенет.

Эмгек жолунда мэриянын, шаардык билим берүү бөлүмүнүн ардак грамоталары менен сыйланган. Быйыл уюштурулган «Жыл мугалими» сынагына катышып, 2-орунду ээлеген. Мугалимдиктен тышкары, ал бош убактысында кол өнөрчүлүк менен дагы алектенет.

«Эгерде адамда кызыгуу, умтулуу болсо бардык кыялдарын орундата алат. Ал үчүн талыкпай эмгектенүү керек. Менин бош отурган убактым жок. Мугалимдик кесиптен сырткары шаардагы тигүүчү цехтердин биринде тигүүчү болуп эмгектенем. Бала кезимде эле кийим токуганга кызыгып, ар кандай көйнөктөрдү токучумун. Азыр үйдө жөн отуруп калганда кол өнөрчүлүк кылам. Мисалы курактын, кийимдин түрүн тигем. Мындай иштер ар бир эле аялдын колунан келет», - дейт бир уулдун апасы Гүлнара Ызакова.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×