Бөлүмдөр
Шейшемби, 24-сентябрь
Жалал-Абад облусуАксы району 29.04.2019 17:43 На русском

Кара-Суу айыл өкмөтүнүн 2 кызматкери иштен алынганына тургундар нааразы (видео)

Turmush -  Аксы районунун Кара-Суу айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы жана иш кагаздарын жүргүзүүчү кызматкери иштен алынгандан кийин жергиликтүү тургундар 28-апрелде нааразычылык акциясына чыгышты. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Жергиликтүү тургундардын айтымында, 2 кызматкер ушул жылдын 10-апрелинде эле иштен алынган.

«Айыл өкмөттүн жооптуу катчысы Тамара Азимбаева жана иш кагаздарын жүргүзүүчү кызматкер Гүлжамал Сагынбаева жумуштан кеткенден кийин кезек күтүү көбөйдү. Биз алардын жөнү жок иштен алынышына нааразыбыз», - дешти алар.

Ал эми айыл өкмөттүн кызматкери Гүлжамал Сагынбаева ден соолугуна байланыштуу өргүүдө жүргөнүн айтып: «Мен ооруп, иштен уруксат алган элем. Ошол учурда иштен алып коюшуптур», - деп билдирди.

Кара-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы Руслан Бекназаров эки кызматкердин иштен алынгандыгынын себебин айтты.

«Кара-Суу айыл өкмөтүнө Экотехинспекциядан текшерүү келип, алар 6 маселе боюнча текшерүү жүргүзүштү. 2 күндөн кийин алар текшерүүнү бүтүп кетерде мөөр басуу керек болуп калды. Ошол учурда жооптуу катчы жана иш кагаздарын жүргүзгөн кызматкер дагы иш ордунда жок болгон. Алар 4 саат иште жок болгон. Ошол себептен аларга акт түзүлгөн. Эгер кызматкер 3 саат иш ордунда болбосо иштен бошотулсун деген талап бар. Ошого ылайык экөөнү иштен бошотууга аргасыз болдук», - деди Р.Бекназаров.

Буга чейин Кара-Суу айыл өкмөтүнө 5 кызматкер жетишсиз экени айтылып келген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×