Бөлүмдөр
Жекшемби, 26-май
Жалал-Абад облусуСузак району 29.04.2019 15:55

Сузак районунда жылдын мыкты окуучусу тандалды

Turmush -  Сузак районунда окуучулар арасында «Жылдын мыкты окуучусу» аттуу сынак өткөрүлдү.

Аймактык кабарчы маалымдагандай, сынак Сузак райондук балдардын билим берүү борбору тарабынан уюштурулуп, ага катышкан 13 окуучу 5 шарт менен күч сынашты.

«Сынакка райондогу 13 айыл өкмөттөн 13 окуучу катышты. Алар айыл аймактарда өткөн сынактарда жеңүүчү аталып, райондук турга жолдомо алышкан болчу. Мында окуучулар суроолорго компьютердин жардамы менен онлайн түрдө жооп беришти. Быйылкы окуу жылында «Жылдын мыкты окуучусу» наамына Курманбек айыл өкмөтүнүн атынан катышкан Асылзат Камалова ээ болду. Жеңүүчүлөргө окуу куралдары, китептер жана кызыктыруучу белектер, дипломдор тапшырылды», - деди Сузак райондук балдардын билим берүү борборунун башчысы Гүлмира Аким кызы.

Райондук деңгээлде уюштурулган «Жылдын мыкты окуучусу» кароо-сынагы быйыл төртүнчү жолу өткөрүлүп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×