Бөлүмдөр
Жекшемби, 26-май
Жалал-Абад облусуСузак району 27.04.2019 17:23

«Мугалимден окуучуларга жукту деген туура эмес»: Сузакта бир мугалим менен эки бала кургак учукка кабылган

Turmush -  Сузак районундагы мугалимден кургак учуктун ачык түрү, эки окуучудан алгачкы белгилери табылган. Интернетте бул окуучуларга оору мугалимден жуккан деген сөздөр тарап, талкууга алынган. Бул сөздүн чын-төгүнүн билүү үчүн аймактык кабарчы ак халатчандарга кайрылды.

Учурда мектептин мугалими менен эки окуучусу облустук кургак учукка каршы күрөшүү борборунда дарыланышууда.

Борбордун жетекчиси Бурул Кадырованын айтымында, мугалимдин үй-бүлөсү текшерүүгө алынып, баары таза чыккан. Бирге иштешип жүргөн мугалимдердин биринен да кургак учуктун белгилери табылган эмес.

«25-марттан бери бизде дарыланышууда. Мугалим жаткырылгандан кийин эле анын үй-бүлөсү текшерилди, баары таза чыкты. Мугалимдерден да оорунун белгилери табылган жок. 700дөн ашык окуучуга манту жасалды. Бул канда кургак учук палочкасы барбы же жокпу дегенди билдирет. Анда 90 окуучунун колу шишип чыккан. Бул кургак учуктун биринчи белгилери болот. Дароо 37си флюрографиялык аппаратка, калганы рентгенге түшүштү. Текшерүүнүн жыйынтыгында эки окуучудан кургак учук табылып, бизде балдар бөлүмүндө дарыланып жатышат. Кургак учук палочкасы абада көп жүрөт. Мен мугалимден жукту же жукпады деп айта албайм. Ушуну баса белгилеп айтуу керек, мугалимдин үй-бүлөсүн текшергенде баарысы таза болуп чыкты», - деди кургак учукка каршы күрөшүү борборунун жетекчиси Б.Кадырова.

Мугалим аталган борбордо 25-марттан бери дарыланып келет. Борбордун дарыгерлери мугалимдин ооруга чалдыгуусунан көйгөй издөөнүн кереги жок деп эсептешүүдө.

«Мугалим 6 айда жакшы болуп кетет. Ишине кайтып, мурункудай иштей берет», - деп билдиришти.

Мугалим алгач Барпы айыл аймагындагы Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун дарыгери Анара Чымбердиевага кайрылган.

«3 күндөн бери жөтөлүп, тамагы кычышып, какырыгы чыкпай жатканын айтты. Өзүнүн айтканына карап дары жазып бердим. 5 күндөн кийин дарылардан жакшы өзгөрүү болбой жатканын айтты. Анан мен тийиштүү жактарга жибергем», - деди ал.

Мектептин директору мугалимдин буга чейин ооруп, сыркоологонун көрбөгөнүн жана интернет булактарына маалымат тараткан жаран бул айылда жашабагандыгын айтты.

«Пикир берген адамды такташтырдык, андай адам жок экен. Мугалимден окуучуларга жукту деген сөз чындыкка туура келбейт. Себеби аныкталган жок. Ал киши дарыланып жатат. Мына биз ал киши менен иштешип жүрөбүз. Бардык мугалимдер, кароолчумдан өйдө текшерүүдөн өттү, баарыбыз таза чыктык. Сузактан дарыгер келип, эч кандай кооптонууга негиз жоктугун айтып кетти. Балдарга аба же башка жолдор менен жугушу деле мүмкүн да», - деди ал.

Жалал-Абад облустук кургак учукка каршы күрөшүү борборунда жыл башынан бери 190 оорулуу катталган. Былтыркы жылга салыштырмалуу аз.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×