Бөлүмдөр
Бейшемби, 24-октябрь
Жалал-Абад облусу, Таш-Көмүр 26.04.2019 17:07

Таш-Көмүрдѳ бычак менен адам өмүрүнө кол салган жаран кармалды

Turmush -  Таш-Көмүр шаарында адам өмүрүнѳ кол салган жаран кармалды.

Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, окуя 21-апрель күнү саат 19:30 чамасында Таш-Кѳмүр шаарынын Курулуш кичи районунда жайгашкан кафелердин биринин алдында болгон. 1984-жылы туулган К.М. аттуу тургунду сырттан тааныш болгон атуул себепсиз колундагы курч бычагы менен мойнуна такап, сол капталына сайып, өзү окуя болгон жерден качып кеткен.

Жабырлануучу тез жардам кызматы аркылуу Таш-Көмүр шаардык аймактык ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө жеткирилип, операция жасалган.

Аталган окуя боюнча 21-апрель күнү саат 21:10до Таш-Көмүр аймактык ооруканасынын жандандыруу бөлүмү тарабынан Таш-Көмүр ШИИБге кабар берилген. Окуя болгон жерге ШИИБдин тергөө-ыкчам тобу барышып, кароо жүргүзүлүп, тиешелүү материалдар топтолгон. Чогулган материалдардын негизинде 21-апрелде КРнын Жазык кодексинин 266-беренесинин 2-бөлүмүнүн 2-пунктунда көрсөтүлгөн (Ээнбаштык) кылмыштын курамы менен сотко чейинки өндүрүш иши катталган.

Окуя боюнча Таш-Көмүр ШИИБдин Криминалдык милиция кызматына кылмыштын бетин ачууга багытталган тергөө тапшырмасы берилген. Тажрыйбалуу жана ѳз кесибинин мыкты опер кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаралардын натыйжасында шаардын сыртында жашынып жүргѳн жеринен кылмышка шектүү катары Таш-Көмүр шаарынын (мурда да кылмыш жоопкерчилигине тартылган) 1974-жылы туулган О.А. аттуу тургуну кармалган. Далил буюм катары анын көтөрүп жүргөн кара түстөгү спорттук сумкасынан бычак алынган.

Шектүү О.А. Таш-Көмүр ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына кармалып, Таш-Көмүр шаардык сотунун токтому менен 2 айга камакка алынды. Учурда жабырлануучу аталган оорукананын хирургия бөлүмүндө дарыланууда. Ал эми милиция тарабынан тергѳѳ амалдары жүргүзүлүүдө.

67

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×