Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 22-июль
Жалал-Абад облусуНоокен району 26.04.2019 13:38 Жаңыланды: 05.05.2019 16:15

Айыл турмушу: Бир гүлүн 17 миң сомго саткан Б.Качкынованын айылдагы бизнеси (сүрөт)

Turmush -  Ноокен районунун Рахманжан айылынын 54 жаштагы тургуну Бурмакан Качкынова өзүнүн үйүн гүлбакчага айлантып, хоббиси аркылуу киреше табууда. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, ал жаш кезинен бери гүлдүн түрүн өстүрүп келет.

«Турмушка чыгып, жаңы келин болуп келгенде дагы үйдөгү гүлдөргө кам көрчүмүн. Алардын саны көбөйгөндө көпчүлүк таң калган. Кийинчерээк өзүбүзчө бөлүнүп кеттик, анда үйүбүз кичинекей болчу. Мен адаттагыдай челектерге гүлдөрдү отургузуп, көбөйттүм. Кыш келгенде гүлдөрдү үйгө батыра албай калдым. Баарын жылуу үйгө алып кирүүгө шарт жок болгондуктан, кээ бири суукта калды. Кошуналар, туугандар кышында биздин үйгө келгенде: «Силердин үйүңөргө келсек экзотикага келгендей болобуз» дешчү», - дейт ал.

Ал быйыл сатууга 150 гүлдүн көчөттөрүн даярдап жатканын билдирди.

«Бир күнү үйгө банк кызматкерлери келип: «Сиз гүл өстүрөт экенсиз, ишканага гүл сатып алалы дедик эле» деп чоң идиштеги фикус гүлүмдү 17 миң сомго сатып алышты. Андан кийин дагы бир ишкананын өкүлдөрү келишип, 100 даана кичинекей идиштеги гүлдөрдү 170 сомдон сатып алышты. Ошондон тарта мектеп, бала бакчалардан келип, гүл сатып алып кетишет. Каалоочуларга гүлдү уулум менен келиним жеткирип беришет. Буга чейин гүл өстүрүү менин хоббим болсо, азыр ал аркылуу киреше дагы таап жатам. Быйыл сатууга гүлдүн 150дөн ашык көчөтүн даярдап жатам.

Кээде иштен чарчап келгенде гүлдөргө 1 сааттай көңүл бөлүп, аларды сугарсам кадимкидей эс алып калам», - деди Б.Качкынова.

Мындан сырткары, ал Баткен облусунда гана өсүп, сейрек кездешкен Айгүл гүлүн өстүрүүнү пландап жатканын жана Ысык-Көлдөн алып келген лилия гүлүнүн өзгөчө сортун көбөйтүп жатканын кошумчалады. Б.Качкынова 3 баланын жана 7 неберенин энеси.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×