Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 23-сентябрь
Жалал-Абад облусу, Кара-Көл 26.04.2019 12:41

Чаткалда, Кара-Көлдө унаа жолго түшкөн таштар тазаланды

Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт
// Turmush

Turmush -  Кечээ, 25-апрелде Ала-Бука—Жаңы-Базар—Кировка унаа жолунун Чаткал районунун Терек-Сай айыл аймагындагы 20-23-чакырымында (Ак-Ата тилкеси) түшкөн таштар тазаланды. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Маалыматка караганда, көлөмү болжол менен 7 метр кубга жеткен таштардан улам унаа жол бир тараптуу жабылган. Адам өмүрүнө зыян келтирилген эмес. №17 жол тейлөө ишканасынан 1 жүктөгүч, 5 кызматкер тартылып, жол саат 14:30да толук тазаланды.

Ошондой эле бүгүн, 26-апрелде түнкү саат 04:00 чамасында Бишкек—Ош унаа жолунун Кара-Көл шаарындагы 417-420-чакырымында (Кызыл-Бейит тилкеси) жолго кулаган майда таштар тазаланып жатат. Кырсыктан адам өмүрүнө зыян келтирилген эмес. Ал жерге №30 жол тейлөө ишканасынан 5 кызматкер жана 1 жүктөгүч тартылды. Учурда унаа жолду тазалоо иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×