Бөлүмдөр
Жекшемби, 26-май
Жалал-Абад облусуБазар-Коргон району 26.04.2019 11:10

Бир жумадан бери изделип жаткан 5 жаштагы Эдилбектин жансыз денеси табылды

Turmush -  Базар-Коргон районунун Акман айылында дайынсыз жоголгон 5 жаштагы Эдилбектин жансыз денеси табылды. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы 26-апрелде билдирди.

Маалыматка караганда, 2014-жылы туулган Эдилбек 19-апрель күнү саат 17:00 чамасында Акман айыл аймагынын Акман айылында дайынсыз жоголгон.

«Бүгүн издөө иштери уланып, натыйжасында куткаруучулар саат 10:30да бөбөктүн денесин Кайырма көлү менен каналдын кошулган жеринен табышып, туугандарына өткөрүп беришти», - деп айтылат маалыматта.

Окуя тууралуу:

Буга чейин Эдилбек өзүнүн үйүнүн алдында шайтан араба тээп жүрүп жоголуп кеткендиги кабарланган. Баланын жоголгону боюнча айыл аймактын башчысы тарабынан ӨКМдин Базар-Коргон райондук бөлүмүнө кабар түшкөн. Эдилбек жашаган үй Жаңы-Акман айылындагы каналдын жанында жайгашкандыктан ал сууга түшүп кетиши мүмкүн делип, аны каналдан издөө иштерин жүргүзүп башташкан.

20-апрелде издөө иштеринде анын шайтан арабасы өз үйүнөн 150 метрдей жогору тараптан табылган. Издөө иштерине жардам берүү үчүн Ош облусунан 7 суучул келген болчу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×