Бөлүмдөр
Жекшемби, 26-май
Жалал-Абад облусу, Таш-Көмүр 26.04.2019 11:20

Таш-Көмүрдө жер көчкү коркунучунан улам 2 үй-бүлө түндөп башка жакка көчүрүлдү

Turmush -  Кечээ, 25-апрелде саат 21:10 чамасында Таш-Көмүр шаарында жер көчкү коркунучунан улам 2 үй-бүлө түндөп убактылуу башка жакка көчүрүлдү. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Маалыматка караганда, шаардык Кызыл-Жар аймактык башкармалыгынын Салиева көчөсүндө жайгашкан 2 үйгө жер көчкү түшүү коркунучу жаралган. Анын кесепетинен 2 үйдүн жашоочулары саат 21:30да убактылуу туугандарынын үйүнө көчүрүлдү. Бүгүн, 26-апрель күнү Жарандык коргонуу комиссиясы тарабынан тактоо иш-чаралары жүргүзүлөт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×