Бөлүмдөр
Шейшемби, 15-октябрь
Жалал-Абад облусуАксы району 26.04.2019 10:39

Аксыда дарыялардын суусу көбөйүп, зыян келтирип жатат

Turmush -  Кечээ, 25-апрелде Аксы районунда катуу жааган жаандын кесепетинен Байкашка-Терек айылындагы Авлетим дарыясынын деңгээли көтөрүлүп, Эрмен-Тектир тилкесиндеги 4 үйдүн короосун суу каптады. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Маалыматка караганда, кырсык болгон жерге 1 жүктөгүч тартылып, дарыянын жээги бекемделип, саат 15:00дө суу каптоо коркунучу жоюлду.

Ал эми райондун Кызыл-Туу айылындагы Кожо-Ата дарыясынын деңгээли көтөрүлүп, Батырбек тилкесинен Жылуу-Булак айылына жөө адамдар өтүүчү көпүрөнүн 1 түркүгүн агызып кеткен. Мындан сырткары Кожо-Ата дарыясынын жээгинде жайгашкан 1 сарайды суу каптаган. ӨКМдин ыкчам тобу жана жергиликтүү тургундар каптарга кум толтуруп, жээкти бекемдөө иш-чараларын жүргүзүштү. Мындан сырткары Кожо-Ата дарыясынын жээгинде жайгашкан сарай суудан тазаланды.

Жээкти бекемдөө иштери 26-апрель күнү улантылат. Аталган иштерге ӨКМ тарабынан 1000 даана кап бөлүндү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×