Бөлүмдөр
Шейшемби, 15-октябрь
Жалал-Абад облусу, Кара-Көл 25.04.2019 11:35

Кара-Көлдө унаа жолго түшкөн таштар түндө тазаланып бүттү

Turmush -  Кечээ, 24-апрель күнү саат 20:40 чамасында Бишкек—Ош унаа жолунун 425-435-чакырым аралыгында (Кара-Көл шаары, Разан-Сай тилкеси) жолго майда таштар кулады. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Маалыматка караганда, унаа жол жабылган эмес. Адам өмүрүнө зыян келтирилген жок. Кырсык болгон жерге жол тейлөө ишканасынан 6 кызматкер барып, түнкү саат 01:00 чамасында жолду толук тазалап бүтүштү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×