Бөлүмдөр
Шейшемби, 24-сентябрь
Жалал-Абад облусуАксы району 24.04.2019 20:12 На русском

Аксыда дарыяга агып кеткен 26 жаштагы жигитти издөө иштери токтотулду

Turmush -  Аксы районуна караштуу Тегене айылындагы Кара-Суу дарыясына агып кеткен 26 жаштагы жигиттин денеси 20 күндөн бери табылбай жатат. Аймактык кабарчынын маалыматы боюнча, издөө иштеринен жыйынтык чыга элек.

ӨКМдин басма сөз кызматы билдиргендей, окуя үстүбүздөгү жылдын 2-апрелинде болгон.

«Аксы районуна караштуу Тегене айылынын 1993-жылы туулган тургуну С. уулу К. Кара-Суу дарыясына чөгүп кеткен. Ошол күндөн тарта куткаруу кызматынан 5 кызматкер чакыртылган. Ошондой эле 20дай тургун издөө иштерине тартылган. Бирок натыйжа болбогондугуна байланыштуу туугандарынын макулдугунун негизинде издөө иштери токтотулган», - деп айтылат маалыматта.

Сууга аккан жигит 2 уул, 1 кыздын атасы болчу.

Буга чейин Ак-Жол айыл өкмөтүнүн башчысы Бердалы Мырзагулов сууга агып кеткен жигитти атасы менен күйөө баласы куткара албай калышканын билдирген.

«Тегене айылынын 26 жаштагы тургуну С.К. атасы жана күйөө баласы менен бирге жылкы айдап жүрүшкөн. Ошол учурда 1 бээ качып, суудан өтүп кеткен экен. 26 жаштагы жигит бээни айдап келем деп барып, сууга агып кеткен. Атасы менен күйөө баласы аны куткара албай калышкан. Ал жигит мыкты уста болчу»,- деген ал.
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×