Бөлүмдөр
Шейшемби, 24-сентябрь
Жалал-Абад облусуСузак району 24.04.2019 19:26

Сузакта бир үй-бүлөнүн 3 мүчөсү салатка ууланып, ооруканага түштү

Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Turmush -  Сузак районуна караштуу Сузак айылындагы бир үй-бүлөдөн 3 адам кышкы салатка ууланып, ооруканага түштү. Бул тууралуу маалыматты Сузак аймактык ооруканасынан тастыкташты.

Маалыматка караганда, 1976-жылы туулган аял 2004-жылы төрөлгөн уулу жана 2007-жылы төрөлгөн кызы менен ооруканага түшүп, жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган. Учурда кызы менен баласы жалпы палатага которулду

«Бейтаптар ооруканага 5 күн мурда түшкөн. Алар орточо оор абалда келишкен. Алгач жугуштуу оорулар бөлүмүнө түшүп, андан соң жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган. Уулунун көзү тунарып кыйналса, эне менен кыздын жутуусу начарлап, үндөрү өзгөргөн. Жалал-Абад жана Ош шаарларынан келген дарыгерлер алардын абалын көрүп кетишкен. Бейтаптардын абалы туруктуу десе болот. Кыз менен бала кечээ, 23-апрелде жалпы палатага которулган. Апасы жандандыруу бөлүмүндө, бирок абалы жакшы», - деп билдиришти ооруканадан.

Бейтаптардын айтымында, алар күз мезгилинде 11 банка кышкы салат жасашкан. Буга чейин жасаган салаттарын жеп эле жүрүшкөн, бирок акыркы 11-банкадагы салаттан ууланышкан.

Сузак районунда жыл башынан бери биринчи жолу уулануу фактысы катталды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×