Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 22-июль
Жалал-Абад облусуЧаткал району 20.04.2019 14:33

Чаткалда ата-энелер мектепке таза суу тартууда

Turmush -  Чаткал районунун Айгыр-Жал айылындагы Исмаил уулу Матиш атындагы мектепке ата-энелердин колдоосу менен таза суу чыгарылууда.

Чаткал айыл өкмөтүнөн билдиришкендей, мектептин ашканасына буга чейинки тартылган таза суунун даамы санитардык-гигиеналык талапка жооп бербегендиктен таза суу тартуу зарылчылыгы келип чыккан. Учурда бул иш быйылкы бүтүрүүчүлөрдүн ата-энелеринин колдоосу менен ишке ашууда.

Мурда тартылган суу чарбалык иштер үчүн пайдаланылат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×