Бөлүмдөр
Шейшемби, 21-май
Ош облусу, Ош 20.04.2019 11:31 На русском

ОшМУнун эң сулуу кызы аталган Жанара Анталияга эс алууга жолдомо алды (видео, сүрөт)

Turmush -  Ош шаарында 19-апрель күнү «ОшМУ периси - 2019» сулуулар сынагы болуп өттү.

Аймактык кабарчы маалымдагандай, сынактын финалдык туруна 13 бийкеч катышты. Жыйынтыгында эң жогорку упайга ээ болгон кыргыз-кытай факультетинин 1-курсунун студенти Жанара Алмаз кызы жеңүүчү аталып, Анталияга эс алууга жолдомо утуп алды.

Ал эми искусство факультетинин студенти Түркбай кызы Кылымай «ОшМУнун ажарлуу периси», Нарын мамлекеттик университетинин студенти (учурда кыргыз филологиясы жана журналистика факультетинде академиялык мобилдүүлүк боюнча окуп жаткан) Таалайбекова Насип «ОшМУнун таланттуу периси» наамына ээ болушса, математика жана информациялык технологиялар факультетинин студенти Замирбек кызы Айдана 3-орунду багындырды. Байгелүү орундарды ээлегендерге Ысык-Көлгө жолдомо, баалуу белектер тапшырылды.

23 жаштагы жеңүүчү Жанаранын айтымында, ал сынакка бир ай даярдан.

«Бул сынакта мага колдоо көрсөткөн ата-энеме, мугалимдерге жана досторума ыраазымын. Мен кароо-сынакка даярданып жүргөндө 2 же 3-орунду алам деп ойлогом. Бирок, 1-орунга ээ болдум. Сынакта эл алдына басып чыгуу мага эң оор болду», - деди Жанара Алмаз кызы.

Былтыр «ОшМУ периси-2018» сынагын эл аралык мамилелер факультетинин студенти Чырмашова Ванэсса багындырган

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×