Бөлүмдөр
Жекшемби, 26-май
Жалал-Абад облусуЧаткал району 19.04.2019 16:59

Чаткалда 30дай мал уурдоого шектелген эки адамдын ишин тергөө кечеңдеп жатат, - тургундар

Чаткал
Чаткал

Turmush -  Чаткал районунда мал уурдоого шектүү делип кармалган 2 адамдын ишин тергөө кечеңдеп жатат. Бул тууралуу Чаткал райондук аксакалдар сотунун төрагасы Ашыркул Бузелбаев билдирди.

Анын айтымында, кармалгандар акыркы 2 жылда 30га жакын малды уурдоого шектелүүдө.

«Чаткалдын Курулуш айылында 2 ууру мындан 2 ай мурун кармалган. Алар 2017-2018-жылы 30га жакын малды уурдоого шектелип, Ак-Таш айылында 20 койду уурдаганын мойнуна алган соң, акысын төлөп беришкен. Кийин жоголгон 30га жакын кара малды уурдаганын да моюнга алышкан.

Эми алардын бири акталып чыкканы жатат. Экинчиси бул кылмышка барбаганын айтууда. Курулуш айылынын тургундары милиция кызматкерлеринен уурулукка шектүү делип кармалган эки адамдын ишин кечеңдетпей, аягына чейин тергеп берүүнү өтүнөбүз», - деди ал.

Ал эми Жалал-Абад ОИИБ бул иш боюнча тактоо жүргүзүлөрүн билдирди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×