Бөлүмдөр
Жекшемби, 26-май
Жалал-Абад облусуСузак району 18.04.2019 19:29 На русском

Сузакта Көк-Арт дарыясына кулап кетип, камгактай аккан атты куткарып калышты. Видео

Turmush -  Сузак районунда Көк-Арт дарыясына аккан ат куткарылды. Бул тууралуу маалыматты жергиликтүү тургун Мирбек Үмөталиев социалдык тармактагы баракчасында жарыялады.

Анын айтымында, Жоон-Күңгөй айылынын тургундары Саты айылына баруу үчүн Көк-Арт суусун кечип өтүп бара жатышканда, биринин аты ташка чалынып жыгылып кеткен.

«Жанындагылар 100 метрдей жерге чейин агып барган атты куткарып калышкан. Жазында суу кирип турганда жашоочулар этият болгону жакшы», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×