Бөлүмдөр
Жекшемби, 26-май
Жалал-Абад облусуАла-Бука району 18.04.2019 17:31

Үй-бүлөнүн жалгыз музоолуу уюн уурдап бараткан Өзбекстандын жараны колго түштү (видео)

Turmush -  Кыргызстандын аймагынан музоолуу уй уурдап бара жаткан Өзбекстандын жараны кармалды. Бул тууралуу аймактык кабарчы жергиликтүү тургунга шилтеме берүү менен билдирди.

Маалым болгондой, Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун Ак-Коргон айылынын тургуну Наргиза Базарова 17-апрель күнү сарайында байланып турган музоолуу уюн таппай калган.

«Түнкү 22:00 чамасында уйга жем бергенимде музоосу менен кошо турган болчу. Сарайдын эшигин жаап кеткем. Эртең менен турсам мал сарайда музоо, уй дагы жок экен. Уурулар мал сарайдан эле жетелеп, арткы эшиктен алып чыгып кетишиптир. Анан РИИБге барып, окуянын чоо-жайын айтып, арыз жаздым. Кечээ эле биздин малды Өзбекстанга айдап бара жаткан коңшу өлкөнүн жараны кармалыптыр.

Ала-Бука РИИБдин кызматкерлери менен Мамлекеттик чек ара кызматынын кызматкерлери биргеликте иш алып барышып, уурдалган малды кайтарып беришти. Бул үчүн эки кызматтын өкүлдөрүнө ыраазычылык билдирем. Болгону бир уюбуз бар, 15 күн мурун музоолуу болуп, балдарым сүт ичип калышты эле», - дейт ал.

Жергиликтүү жашоочу акыркы 2 жылдан бери мал чарбачылык менен алектенет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×