Бөлүмдөр
Жекшемби, 26-май
Жалал-Абад облусуАла-Бука району 18.04.2019 14:46 На русском

Ала-Букадан Өзбекстанга өтүп кеткен жылкы ээсине кайтарылды

Turmush -  Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунан коңшу Өзбекстанга өтүп кеткен жылкы ээсине кайтарылды. Бул тууралуу аймактык кабарчыга Жапа-Салды айылынын тургуну, малдын ээси билдирди.

Анын айтымында, ушул жылдын 15-апрелинде бир баш жылкысы үйүндө байланып турган жеринен бошонуп, Өзбекстандын аймагына өтүп кеткен.

«Коңшу өлкө менен чектеш аймакта жашагандыктан жылкыбыз ал аймакка өтүп кетиптир. Мамлекеттик чек ара кызматынын Жалал-Абад облустук башкармалыгынын чек ара кызматкерлеринин сүйлөшүүлөрүнүн натыйжасында жылкым кечээ кайтарылды. Биз кубанып жатабыз, аларга ыраазычылык билдирем», -деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×