Бөлүмдөр
Жекшемби, 26-май
Нарын облусуЖумгал району 18.04.2019 18:54 На русском

Кореяда айына 3 000 доллар таза киреше тапкан К.Осмонов Бишкекте «заңгыратып» үй куруп, бизнесин түптөдү

Turmush -  «Мекендештер» рубрикасынын кезектеги каарманы — Кубанычбек Осмонов.

Ал 1989-жылы Нарын облусунун Жумгал районуна караштуу Чаек айылында туулган. Атасы Мирбек Осмонов 1960-жылы, апасы Бакытжамал Осмонова 1961-жылы төрөлгөн.

Кубанычбек үй-бүлөдө 5 бир тууган, эжеси, 2 иниси жана карындашы бар. Ал Чаек айылындагы Таттыбүбү Турсунбаева атындагы мектеп-гимназиясын 2007-жылы бүтүрүп, Бишкек тоо-кен техникалык колледжинин тоо-кен иши жана тоо-кен технологиясы факультетинде билим алып баштаган. Бирок 3-курста корей тилин өздөштүрүп, 2010-жылы Түштүк Кореяга эмгектенүүгө кеткен.

«Мен учурда Түштүк Кореянын Чонджу шаарында иштейм. Борбору Сеулдан 120 чакырым алыста. Бул шаарда 30дай кыргыз мигранттары барбыз. Кыйынчылыктар — алгачкы жылдары кичине тилден кыйналдым. Башкасына тез эле көнүп кеттим. Бул жерде кыргыздардын тамак-ашка көнүп кетиши бир аз кыйын. Себеби тамагы ачуу келет эмеспи. Корейлерде сууга бышкан күрүчү — биздеги нан. Көбү сууга бышкан күрүч жешет жана көп колдонушат. Бирок тамак аштары абдан жеңил. Кыргызстандын азык-түлүгү сатылбайт. Жогун алдыртабыз. Көбүнчө сары май менен чучук алдыртабыз (күлүп).

Биз тилди бул жакка келип, элге аралашып калган соң 2-3 жылда толук сүйлөп калдык. Алгач Кыргызстандан келгенде корейлердин бир кийип таштаган кийимдерин чогулткан заводдо 1 жыл иштегем. Корей эли кийимдерин тез-тез алмаштырып турушат эмеспи. Ар бир көп кабаттуу үйлөрдүн астында кийим салган чоң челектер болот. Ошолордогу салынган кийимдерди чогултуп, заводго алып келчүбүз. Андан кийин футболкасын өзүнчө, шымын өзүнчө кылып иреттечүбүз. Алар Африка өлкөсүнө жөнөтүлчү. Мындай заводдор абдан көп. Алар кийимдерди чет өлкөлөргө жиберишет. Андан соң кир жуугуч, нан бышыргыч техникасын чыгарган заводдо 1,5 жыл иштедим. Азыр курулушта иштейм», - дейт К.Осмонов.

Кубанычбек тынбай иштеп, Бишкекте «заңгыратып» үй куруп, чакан бизнес ачууга жетишти.

«Акыркы 2 жылдын ичинде бул жакка келген кыргыздардын саны аябай көбөйдү. Мекендештерибиз ар кандай жумушта, завод, курулушта көп иш алып барышат. Бул жакта эмгек акы жакшы, бирок жумуш оор. Менде чыгымдарымдан тышкары 3000 доллар калат (айына). Жумуш көп болсо 4000 долларга чейин алабыз.

Эртең менен саат 05:00дө турабыз. Жолдо эле көп убакыт жүрөбүз. Ишибиз саат 07:00дө башталат. Жумуш кечки саат 17:00дө бүтөт.

Мен азыр Чонджу деген шаарда иштейм. Бул шаарда 30дай кыргыз бар. Жамандык, жакшылыктарга деп атайын акча чогултуп турабыз. Бул жакка келип иштесе болот, бирок жалкоо болбош керек. Корей эли өздөрү меймандос эл, мигранттарды жакшы баалашат. Бирок жалкоолорду жаман көрүшөт. Кореяга келип иштегенден бери жакшы. Бишкекте үй салып, чакан бизнес ачтым», - деди ал.

Кубанычбек учурда бойдок. Быйыл күздө мекенине келип, үйлөнсөм деген кыялы бар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×