Бөлүмдөр
Жекшемби, 26-май
Жалал-Абад облусуАла-Бука району 17.04.2019 15:03

Ала-Букадагы фестивалда үч улуттун каада-салттары көрсөтүлдү (сүрөт)

Turmush -  Ала-Бука районуна караштуу Ак-Коргон айыл аймагында улуттар аралык биримдикти даңазалаган «Элдер достугу» фестивалы болуп өттү. Бул тууралуу Ала-Бука райондук администрациясынан маалымдашты.

Маалыматка караганда, фестивалдын алкагында үч улуттун каада-салттары көрсөтүлдү. Улуттук тамак-аштардын жармаңкеси да уюштурулуп, улуттук ырлар, бийлер аткарылды. Анда өзбек улуту кыз узатуу, тажик улутундагылар кызды үйгө киргизүү салттарын көрсөтүшүп беришти. Ал эми кыргыз элинин баланы бешикке салуу салты жана баланы бешикке бөлөөдөгү ырым-жырымдар көрсөтүлдү.

«Улуттар аралык биримдикти чыңдоо багытында өткөрүлгөн саамалыкка райондун акими Эмил Абдыкадыров, Кызыл Ай коомунун өкүлдөрү да катышып, элге ынтымак, биримдик каалашты», - деп айтылат маалыматта.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×