Бөлүмдөр
Шаршемби, 21-август
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 16.04.2019 20:04

Жалал-Абадда ОИИБдин самбо боюнча ачык чемпионаты өткөрүлдү (сүрөт)

Turmush -  Жалал-Абад шаарында 13-апрелде самбо боюнча ачык чемпионат ѳткѳрүлдү. Бул тууралуу ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, чемпионат 2010-жыл апрель жана июнь окуяларында курман болгон милиция кызматкерлердин жана милициянын полковниги Байгазы Ниязалиевдин элесине арналды. Аны Жалал-Абад ОИИБдин жетекчилиги ачып берип, андан соң курман болгон кызматкерлерди эскерүү үчүн куран окулду.

Иш-чаранын негизги максаты милиция кызматкерлердин күнүмдүк жумушунда жана ыкчам ишмердүүлүгүндѳ эң керектүү болгон спорттун самбо түрүн кеңири жайылтуу жана күжүрмѳн даярдыктарын жогорулатуу болуп эсептелет. Мелдешке облустун аймагындагы самбо менен машыккан спортчулар да катышып, 7 салмактык категорияда (62, 68, 74, 82, 90, 100, +100) ѳз чеберчиликтерин кѳрсѳтүштү.

Мелдештин жыйынтыгы боюнча жеңүүчүлѳр 15-апрелде ОИИБдин ѳздүк курамдын катышуусунда салтанаттуу түрдѳ диплом жана акчалай сыйлыктар менен сыйланышты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×