Бөлүмдөр
Шаршемби, 24-апрель
Жалал-Абад облусуБазар-Коргон району 16.04.2019 13:32 На русском

Жалал-Абадда 17 жаштагы кызды мейманканада зордуктоого айылдашы шектелүүдө

Turmush -  Базар-Коргон районунда жаш кызды зордуктоого шектүү делип жергиликтүү тургун кармалды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, окуя 2018-жылы болгон. Милицияга 2018-жылдын 21-сентябрында Базар-Коргон районунун 1972-жылы туулган тургуну арыз менен кайрылган. Арызда ал 2001-жылы туулган кызын Айбек аттуу жаран мейманканага алып кирип, коркутуп, зордуктаганын билдирген. Ошондой эле арыздануучу ал жаранга карата чара көрүүнү өтүнгөн. Аталган факт боюнча КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 129-беренеси менен кылмыш иши козголуп, тергөө иштери башталган.

«Ыкчам иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө 17 жаштагы кызды зордуктоого шектелген жарандын өздүгү аныкталып, ал кызга ысымын өзгөртүп, өзүн Айбек деп тааныштырганы аныкталган. Милиция кызматкерлери тарабынан бул кылмышка шектүү делип, Базар-Коргон районунун буга чейин соттолгон, 1993-жылы туулган тургуну 2019-жылдын 11-апрелинде Бишкек шаарында жашырынып жүргөн жеринен кармалды», - деп айтылат ОИИБдин басма сөз кызматынын маалыматында.

Кылмыштын бетин ачуу максатында шектүүнү ИИМдин Крминалдык милиция кызматынын кызматкерлери Жалал-Абад ШИИБдин КМКнын кызматкерлери менен биргеликте кармашкан. Учурда шектүү ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилип, тергөө иштери уланууда.

20

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×