Бөлүмдөр
Жекшемби, 21-июль
Баткен облусуКадамжай району 16.04.2019 12:11 На русском

Кадамжайлык бир туугандар трактор жасашууда: «УАЗ», «Жигули», «Хендай Портер», «Москвичтин» тетиктеринен куралды. Видео

Turmush -  Кадамжай районунун Көтөрмө айыл аймагына караштуу Чандеки айылынын тургундары Эламан жана Кубатбек Боркошовдор жеңил унаанын тетиктеринен кичи трактор жасап жатышат. Аймактык кабарчы усталардын иши менен таанышты.

Алар бул тракторду жасоо үчүн «УАЗ», «Жигули» , «Хендай Портер» жана «Москвич» үлгүсүндөгү эски унаалардын тетиктерин чогултушкан.

«Тракторду кыш мезгилинде эле жасап баштаганбыз. Кыштын күнү суукта иштөө да кыйын экен. Анын үстүнө күн дагы кыска болду. Анан да тетиктердин бири табылса, бири табылбай жатып, 1 айга жакын аралыкта жасап бүттүк. Толук кандуу деле жасап бүтө элекпиз. Дагы көп иштер бар. Трактордун рамасын өзүм темирлерден ширетип жасадым. Ал эми алдыңкы күпчөгү, кыймылдаткычы, коробкасы «Жигулиники». Алдыңкы жана арткы бел темири «УАЗдыкы». Негизи 4 дөңгөлөгү тең тарта турган кылып жасайлы дегенбиз. Бирок мүмкүнчүлүк жок, айрым тетиктер жок болуп калды», - деди Эламан мырза.

Уста буга катар эле трактор азырынча толук жасалып бүтө электигин айтып, дагы кемчиликтери бар экендигине токтолду.

«Толук жасап бүттүк дегенден алысмын. Арткы жагына жүктү көтөрүү жана түшүрүү механизацияларын жасаш керек. Дагы майда-чүйдө жасай турчу иштер бар. Азыр болгону от алганын, аң-чуңкурларда жүрүшүн, күчүн текшерип жатабыз. Толук бүтсө 2 тиштүү соко сүйрөгөнгө, айдоо аянттарды тегиздегенге, бир чиркегичти сүйрөгөнгө жарайт. Андан сырткары чөп чапкыч дагы жасап, пайдаланып көрүүнү ойлонуп жатабыз.

Негизи өзүбүздүн бир туугандар менен бирге мал чарба иштетебиз. Кичи трактор өзүнүн нормасы менен 100 чакырым аралыкка 8 литр күйүүчү май ичиш керек. Бирок андан көбүрөөк сарптап коюшу мүмкүн. Антсе да башка техника жалдаганга караганга алда канча арзан болот. Буга чейин өзүбүздүн трактор жок болгон үчүн аттын жардамы менен же трактор жалдап келип жерди айдачубуз. Эми минтип агам Кубатбек Боркошов экөөбүз биргеликте трактор жасап чыктык. Андан башка дагы бир катар адамдар жардам беришип, дос, туугандар колдоо көрсөтүп турду», - деди ал.

Эламан Боркошов буга чейин турмуш тиричилигине керектелүүчү жабдыктарды жасап жүргөн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×