Бөлүмдөр
Жекшемби, 21-июль
Жалал-Абад облусу, Кара-Көл 16.04.2019 09:36

Кара-Көл шаары быйыл петуния гүлү менен кооздолот (сүрөт)

Turmush -  Кара-Көл шаары быйыл петуния гүлү менен кооздолот. Аталган маалыматты Кара-Көл шаардык муниципалдык менчик башкармалыгынан билдиришти.

Маалым болгондой, быйыл аталган башкармалыктын күнөсканасында ар кандай гүлдүн уругу себилип, гүлдүн көчөттөрү даярдалып жатат. Көчөттөр жетилгенде аллеяларга, маданият үйүнүн алдына, Бекташ көчөсүнө отургузулат. Мындан сырткары, 255 түп петуния гүлү мэриянын имаратынын алдына отургузулду.

Шаардык муниципалдык менчик башкармалыгынын башчысы Э.Бабакановдун айтымында, кыш мезгилинде шаардын ички көчөлөрүнө инерттик материалдар себилгендиктен, эрте жазда жол чаңдап, шаар тургундарына жагымсыз жагдай жараткандыктан, унаа жолдор суу менен тазаланып жуулду.

«Мындан тышкары, ички жолдорду жамоо иштери, ылдамдыкты төмөндөтүүчү дөңсөөлөрдү сырдоо иштери жүргүзүлүүдө. Бүгүнкү күндө ушул иштерди жасап жатканыбыз менен шаар тургундары мал-жандыктарын карабай, аллея, мэрия, маданият үйүнүн алдындагы гүл көчөттөрүн тебелеп жатканы бизди кейитүүдө. Биздин жумушчулар эртеден кечке шаарды тазалоо, көрктөндүрүү менен алек. Тургундар ушул аракеттерди колдоп, шаардын тазалыгына, көрктөнүүсүнө, жашыл шаарга айлануусуна кайдыгер карабаса», - деди Э.Бабаканов.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×