Бөлүмдөр
Шейшемби, 16-июль
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 15.04.2019 15:03

Жалал-Абадда көркөм сүрөт искусствосу менен алектенген жаштарга шарт түзүлөт (сүрөт)

Turmush -  Жалал-Абад шаарынын бийлиги көркөм сүрөт искусствосу менен алектенген жаш таланттарга шарт түзөт. Бул тууралуу мэр Мураталы Тагаев Эркиндик аянтында облустук көркөм сүрөт мектеп-интернатынын мугалимдери жана окуучуларынын колунан жаралган эмгектердин ачык асман алдындагы көргөзмөсүндө билдирди.

Анда таланттуу жаш сүрөтчүлөр графика, живопись, пейзаж жана скульптура жанрында жараткан эмгектерин алып чыгышкан. Көргөзмөнүн жүрүшүндө сүрөт мектебинин алдыңкы окуучуларына шаардык маданият бөлүмү тарабынан ардак грамоталар тапшырылды.

Маалым болгондой, алдыда эс алуу жайдын бир бөлүгү «Көркөм өнөр галереясы» катары ачылып, жаш сүрөтчүлөр жараткан эмгектерин коомчулукка алып чыгууга мүмкүнчүлүк жаралат. Аны менен катар аталган жай шаар тургундарына жана келген коноктор үчүн маданий-эстетикалык борборго айланмакчы.

Билим берүү жана илим министрлигине караштуу Жалал-Абад облустук көркөм сүрөт мектеп-интернаты 2000-жылдан тарта иш алып барат. Учурда мектепте окуучулардын талаптагыдай билим алуусуна имарат көйгөй жаратууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×