Бөлүмдөр
Шейшемби, 16-июль
Жалал-Абад облусуНоокен району 15.04.2019 12:55

Ноокендеги көмөкчү жатак мектебинде кичи футбол аянтчасы ишке берилди (сүрөт)

Turmush -  Ноокен районундагы Шайдан айыл аймагына караштуу Ж.Ниязов атындагы көмөкчү жатак мектебинде кичи футбол аянтчасы ишке берилди. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, курулушка жалпы 750 миң сом жумшалган. Анын ичинен президенттин фондунан 150 миң сом, өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы өкүлүнүн фондунан 100 миң сом, акимдин фондунан 80 миң сом, мектептин өздүк каражатынан 150 миң сом, айыл өкмөт, мэрия жана райондук мекеме-ишканалардан жалпысынан 270 миң сом бөлүнгөн.

Бул мектепте ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген 152 окуучу билим алат жана 23 мугалим эмгектенет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×