Бөлүмдөр
Шаршемби, 19-июнь
Жалал-Абад облусу, Кара-Көл 15.04.2019 12:08 На русском

Ымыркайдын кыркын чыгаруу керекпи? Имамдын жообу

Turmush -  Ымыркай жарык дүйнөгө келгенден кийин жасала турган жөрөлгөлөрдүн бири — анын кыркын чыгаруу. Бул жөрөлгө тууралуу Кара-Көл шаарынын тургуну, эл агартуунун отличниги, Кыргызстан аялдар демократиялык коомунун «Насаатчы» төш белгисинин ээси Разия Кошматова айтып берди.

WhatsApp Image 2019-04-03 at 11.14.56(1)

Анын айтымында, бул жөрөлгө баланын төрөлгөнүнө 40 күн болгондо аткарылат.

«Баланын кыркын чыгаруу жөрөлгөсүн кээ бири шартка ылайык күн-түндү санап, төрөлгөнүнө 20 күн болгондо чыгарып коюшат. Анда ымыркайдын денесин 40 кашык сууга туз салып чайкашат. Туз баланын денесин ар кандай илдеттен сактайт, денесин чыӊдайт. Кыркын чыгарууга ымыркайдын чоң энеси чакырылат. Ал баланы туз кошулган жылуу суу менен чайкайт, ал эми өз энеси суу куюп берет. Жуунтуп жатканда жакшы тилек айтылып, суудан чыгаргандан кийин чачын, тырмактарын алышат.

Чач менен тырмактарын алууга дагы өзгөчө көңүл бурулган. Мисалы, ымыркайдын чачын өмүрү узун болсун деген тилек менен узак жашаган чоң атасына же чоң апасына алдыртышкан. Ал эми колунун тырмагын ырымдап уста же уз, чебер, саймачы, жазуучу өңдүү кишилерге алдыртышкан. Алынган чачы менен тырмагын ымыркай дарактай мөмөлөп, чоңойсун деген тилек менен дарактын түбүнө көөмп коюшкан.

Биздин чоң апаларыбыз: «Чачты тебелендиге таштабайт» деп айтышчу. Тилекке каршы, биз азыр буга көп маани бербейт экенбиз. Мен акыркы жолу илимий макала окуп, бул сөздүн туура экенине ынандым. Анткени чачтын энергиясы болот экен. Эгер адамдын чачы кокустан терс энергия жүргөн жерге түшүп калса, ошол адамдын башы оорушу ыктымал экенин билдим», - деди Разия Кошматова.

Ошондой эле ал ымыркайдын кыркын чыгарып жатканда чакан дасторкон жайып, жакындарына жакшы тилек менен тамак-аш берилерин кошумчалады.

Ал эми ымыркайдын кыркын чыгаруу жөрөлгөсү тууралуу шариятта кандай жазылганы боюнча шаардын баш имамы Бектен Ажы Керезбаев айтып берди.

101

«Ымыркайдын кыркын чыгаруу — кыргыздын каада-салты. Ал эми шариятта баланын кыркын чыгаруу деген түшүнүк жок. Болгону ымыркай төрөлүп, 7 күн өткөндөн кийин оң кулагына азан айтылат. Анан чачын алып, ага ысым ыйгарылат. Алынган чачтын салмагы канча болсо, ошончо алтынды наристенин ата-энеси муктаж адамдарга садага кылып бериши керек. Эгер эркек төрөлсө 2 кой, кыз төрөлсө 1 кой союп, бешик той берет. Шариятта ал «акыйка» деп аталат. Ага кошуналарын, жакындарын, туугандарын чакырат.

Ошондой эле шариятта төрөгөн аялдын сөөктөрү бошоп калат деген түшүнүк бар. Бошогон сөөктөр 40 күндө өзүнө келет. Ушул убакытта аял оор көтөрбөй, оор жумуш кылбай, ден соолугуна кам көрүүсү шарт.

Ал эми чач болсо ыйык эмес, ал адамдан чыккан керексиз калдык. Аны тебелендиге таштап, айлана булганбасын деген мааниде гана топуракка көөмп коюшат», - деди шаардын имамы.

Ал эми чачтарачтардын бири Насирбек ажы Бадыровдун айтымында, чачты өрттөп салуу шариятка туура келбейт.

WhatsApp Image 2019-04-03 at 11.15.13(1)

«Алынган чачтарды шаардык таштанды таштоочу жайга алып барып таштайм. Анткени ал жер терең болгондуктан чач бат эле көмүлүп калат. Чачты өрттөп салуу шариятка туура келбейт. Ошондуктан тырмак менен чачты жерге көөмп койгон оң деп ойлойм», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×