Бөлүмдөр
Шаршемби, 24-апрель
Баракелде, Дүйнө 15.04.2019 08:44 На русском

Италияда эмгектенген Садык: Жумуш жеңил, айлык акы жакшы, бирок эч нерсе Кыргызстанга жетпейт

Turmush -  Жалал-Абад облусунда өскөн 25 жаштагы Садык Мурзакулов учурда Италиянын Сардиния аралынын Кальяри шаарында эмгектенет. Анын агасы бул өлкөдө жашап жүргөнүнө 12 жылдан ашкан.

«Бул жакта байкем 12 жылдан бери иштейт. Мен дагы байкем аркылуу келдим, "бул жакта иштеп, жашооңду оңдоп ал" деп чакырган. Азыр дүкөндөрдө бут кийим сатууга жардам берем. Бул жакта иштеп баштаганыма 2 жылдын жүзү болду», - деп айтып берди Turmush басылмасынын кабарчысына.

Садык Италиянын аба ырайын жана адамдардын жөнөкөйлүгүн жактырган.

«Мага жакканы аба ырайы болду. Кар жаабайт. Элдери да жөнөкөй келип, сылык болушат жана мамилеси жакшы. Ал эми жашап жаткан шаарым Кальяриде 6 миллион киши бар. Булардын жашоого көз карашы бөлөкчө, бизге караганда көп нерсени туура пайдаланышат.

Жаңы келгенде тил билчү эмесмин. Бир ишти дайындаса түшүнбөй, башка ишти жасап салчумун. Андайда тил угам деп коркуп, бирок мага кайра түшүндүрүп, үйрөтүп коюшчу. Бул жерде ар ким өзүнүн жумушун аткарып эле кетип калат, Кыргызстандагыдай кенен отуруп сүйлөшө албайсың. Өз мекениңде жүргөнгө жетпейт, жашообуз бир аз алдыга жылсын деп эле жүрөбүз. Ал эми жумуш жеңил, айлык акым сыр бойдон эле калсын. Өзүмө, ата-энемди бакканга жетет.

Бош убактымды пайдалуу өткөргөнгө аракет кылам. Келечекте буйруса Кыргызстанга барсам, өзүмө ылайык чакан бизнес ачсам деген ой бар. Сөз менен эмес, иш жүзүндө максаттарыма жеткенге аракет кылам. Үйдүн эң кичүүсүмүн, 4 бир тууганбыз: 2 уул, 2 кыз. Учурда бойдокмун», - деди Садык.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×