Бөлүмдөр
Шейшемби, 16-июль
Жалал-Абад облусуБазар-Коргон району 13.04.2019 14:19

Базар-Коргондо балык уулоочулардын атайын мелдеши өттү. Сүрөт

Turmush -  Базар-Коргон районундагы Акман айыл аймагындагы Кайырма суу сактагычында түштүк облустардагы балыкчылар менен балык уулоого кызыккандардын ортосунда сынак өткөрүлдү. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы маалымдады.

Маалыматка караганда, мындай сынак жыл сайын уюштурулуп турат. Сынакка катышкандардын бири Дастан Сатиев сынакты угуп, атайын Ош облусунан келген. Жыл сайын балык сынагына катышууну максат кылып жүрчү. Анткени балык кармоону кичинекей кезинен жактырат.

Катышуучулар командаларга бөлүнүп, балык кармашты. 3 балыкчы бир команда болуп түзүлгөн.

Суу сактагычтагы кызматкерлер мыйзамсыз балык уулагандардан коруп келишет. Кармоого уруксат берилүүчү өзүнүн мезгили бар. Ошол учурда гана балык кармоого болот.

Бүгүнкү сынактын негизги максаты — түштүк аймактагы балыкчылардын башын бириктирип, ынтымагын бекемдөө. Жыйынтыгында алдыңкы камандалар аныкталып, баалуу белектер тапшырылды.

Суу сактагычтын жалпы аянты 365 гектарды түзөт. Ага 22 млн куб суу батат. Анда балыктын сазан, карп, сыяктуу бир нече түрүн кезиктирүүгө болот.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×