Бөлүмдөр
Шейшемби, 16-июль
Жалал-Абад облусуЧаткал району 12.04.2019 16:24

Чаткалда мыкты улакчылар тандалып, райондук командага кабыл алынды (сүрөт)

Turmush -  Чаткал районунда мыкты улакчыларды тандоо максатында көк бөрү боюнча мелдеш уюштурулду. Бул тууралуу райондук администрациядан билдиришти.

Маалыматка караганда, мыкты улакчылар райондун курама командасына кабыл алынды.

«Көк бөрүдөн тышкары эр эңиш боюнча мелдеш уюштурулуп, андан мыкты 7 балбан тандалып алынды. Ал эми көк бөрү оюнунда 5 команда күч сынашып, мыкты оюнчулар райондук курама командага кабыл алынды. 12 адамдан турган команда райондун атынан оюндарга катышат», - деп айтылат маалыматта.

Чаткал районунда 4 айыл өкмөт бар. Анда 27 миңге жакын эл жашайт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×