Бөлүмдөр
Шаршемби, 24-апрель
Жалал-Абад облусу, Кара-Көл 12.04.2019 11:36

Нарын дарыясына форель балыгынын 5 миң чабагы коё берилди (сүрөт)

Turmush -  Кара-Көл шаарында 11-апрелде Нарын дарыясына форель балыгынын 5 миң чабагы коё берилди. Бул тууралуу «Балыкчылар» коомдук уюмунун жетекчиси Казыбек Итикеев билдирди.

Анын айтымында, чабактар Токтогул районунан алынып келинген.

«Биз форелдин кубулмалуу түрүнүн 5 миң даана чабагын коё бердик. Мындай иштер дарыяда балыктын санын көбөйтүү максатында жүргүзүлдү. Эми биз мыйзамсыз балык уулоого каршы иш жүргүзөбүз. Шаардын аймагына кирген Нарын дарыясы, Кара-Суу чоң суусу, Көк-Бел, Кайыңды, Чоң-Таш сууларына чейин мыйзамсыз балык кармагандарга тыюу салабыз. Эки жылга чейин балык уулоого уруксат бербөө керек», - деди ал.

Анын айтымында, аталган коомдун 150 мүчөсү бар. Алар милиция, Мамэкотехинспекция менен бирге иштешет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×