Бөлүмдөр
Жекшемби, 21-июль
Жалал-Абад облусуАксы району 11.04.2019 20:28

Аксынын Итагар айылында ФАП жана мечиттин курулушу башталды (сүрөт)

Turmush -  Аксы районунун Итагар айылында ФАП жана мечиттин курулушу башталды. Бул тууралуу Итагар айылынын башчысы Ажибек Алымкулов билдирди.

Анын айтымында, эки имараттын курулушу башталып, капсуласы салынды.

«Эки имараттын курулушу тең чет өлкөлүк инверторлор тарабынан каржылап жатат. Ал 2 ай аралыгында аяктап, пайдаланууга берилет», - деди ал.

Мечит ашар жолу менен курулуп, 15 жылдан ашык убакыт пайдаланылган. Ал эми ФАПтын имараты эскирип, жаракалар пайда болгону айтылып келген.

Итагар айылында 200гө жакын түтүн жашайт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×