Бөлүмдөр
Шейшемби, 16-июль
Жалал-Абад облусуСузак району 11.04.2019 13:25 На русском

Үч жигит карыздарын төлөө үчүн ишкер аялды тапанча менен тоноп кетишти. Окуянын чоо-жайы (сүрөт)

// Turmush

Turmush -  Жалал-Абад облусунун Сузак районунда ишкер аялды ок атуучу курал менен коркутуп, тоногондор кармалды. Окуянын чоо-жайын аймактык кабарчы териштирди.

Маалым болгондой, ушул жылдын 31-мартында Сузак районуна караштуу Таш-Булак айылынын 41 жаштагы тургуну Астра Асанованы өзү жашаган көчөдөн белгисиз балдар ок атуучу курак такап, тоноп кетишкен. Ишкер ошол эле күнү милицияга кайрылганын айтат.

«Өзүм 8 жылдан бери Жалал-Абад шаарында зер буюмдарды сатам. Буга чейин мындай окуя такыр болгон эмес. 31-март күнү саат 18:45 чамасында жумуштан чыгып, үйүмө келе жаткам. Жанымда 4-класста окуган кызым да бар болчу. Көчөбүздүн башынан маршруттук таксиден түшүп, жөө басып бара жатканыбызда жаныбызга кара түстөгү унаа келип токтоду. Андан кара бет кап кийген 3 жигит түшүп, менин оң колумдан кармап, зер буюмдар салынган сумкамды алганга аракет кылышты. Мен жерге жыгылып түшүп, элден жардам сурап кыйкырдым. Ошол учурда жигиттер колумдагы сумкамды күч менен тартып алып кетип калышты. Мен колума тийген таш менен унааны уруп, арткы айнеги сынып түштү. Бирок балдар ага да маани бербей кетип калышты. Ошол күнү эле милицияга арыз жаздым, эртеси күнү кылмышкерлердин бирөө кармалганын айтышты, калган экөө 8-апрель күнү Бишкек шаарынан кармалды.

Сумкамдын ичинде паспортум, айдоочулук күбөлүгүм, 200 миң сомдой акчам, жалпы баасы 600 миң сомдон ашуун зер буюмдарым жана 15 миң сомдук уюлдук телефонум болгон», - дейт жабырлануучу А.Асанова.

Ал эми милиция түшкөн арыздын негизинде кылмышка шектүү катары 3 адам кармалып, учурда Сузак райондук ички иштер бөлүмүнүн убактылуу кармоочу жайына киргизилгендигин билдирди.

«Түшкөн арыздын негизинде фактыны Сузак РИИБ Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине каттап, криминалдык милиция кызматы тарабынан ыкчам топ түзүлүп, эртеси кылмышка шектүү катары Чүй облусунун Кемин районунун 1992-жылы туулган Т.И. аттуу тургуну кармалган. Ал эми 8-апрель күнү кылмыштуу топтун калган мүчөлөрү Бишкек шаарынан кармалган. Алар: Бишкек шаарынын 1994-жылы туулган тургуну А.А., 1992-жылы туулган Н.К. экени аныкталган.

Бул иш боюнча КРнын Жазык кодексинин 202-беренеси (Каракчылык) менен кылмыш иши козголду. Учурда кылмышка шектүүлөр Сузак РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилип, тергөө иштери жүргүзүлүүдө», - деп билдирди Сузак РИИБдин криминалдык милиция бөлүмүнүн башчысы Шергазы Абдалов.

Ал эми кылмышка шектүү Т.И. өзүнүн көрсөтмөсүндө бул кадамга барууга акча себеп болгонун билдирди.

«Биз Жалал-Абадга 14-март күнү келгенбиз, ошондон тарта базарда зер буюмдарды саткан сатуучуларды аңдып жүрүп, 3-4 сатуучуну караштырып жүргөнбүз. Биз тоногон эже шаардын сыртында жашагандыктан аны тоноону чечтик. Бул сатуучунун артынан бир жума аңдып, анан 31-март күнү тонодук. Бул ишке бирөөдөн алган карызыбызды төлөө үчүн бардык. Эжени газ тапанча менен коркутканбыз. Анын зыяны деле жок», - деди шектүү.

Кийинчерээк маалым болгондой, кылмышка шектүү катары кармалган жигиттердин бири оркестр бөлүмүндө иштей турганы айтылды. Шектүү аны тастыктап, бул ишке кокустан аралашып калганын, кылмыш кылганына өкүнүп жатканын кошумчалады.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×