Бөлүмдөр
Шейшемби, 16-июль
Жалал-Абад облусу, Кара-Көл 11.04.2019 12:20 На русском

Кара-Көл шаардык кеңештин сессиясында төрага менен тургун кайым айтыша кетти (видео)

Turmush -  Кара-Көл шаардык кеңешинин депутаттары 10-апрелде кезектеги сессияга чогулушту.

Аймактык кабарчы маалымдагандай, сессия учурунда шаар тургуну депутаттарга кайрылуу жасоо үчүн сөз берүүнү өтүндү. Бирок шаардык кеңештин төрагасы Бакытбек Кыргызалиев аны токтотуп: «Гүлзат Эргешовна, депутаттарга сессия убагында эмес, эл менен жолугушкан күнү кайрылганга укуктуусуз. Биз күн тартибин бекитип алганбыз. Азыр сизге сөз бергенге укугум жок. Эгерде күн тартиби кабыл алынып жатканда депутаттардын бири «ушул аялдын кайрылуусу бар экен угалы» деп сунуштаса маселе каралмак», - деп жооп берди.

Анын айткандарына шаар тургуну: «Менин суроом Кара-Көл шаарынын элине тийиштүү болуп жатат. Аябай шашылыш кайрылуум бар эле» деп сөзүн улады.

Төрага: «Мен күн тартибинде иш алып барам. Сиз биздин убактыбызды албаңыз. Чукул кабар болсо мэрияга кайрылыңыз, мэр жарандарды кабыл алат. Мен дагы кабыл алам, эгерде аткаруу бийлигинен жооп болбосо, мага кайрылсаңыз болот», - деди.

Эшикке чыгып кеткен шаар тургуну бир нече убакыттан кийин кайра кирип келип: «Бакыт Насирдинович, мени бир аз угасыз! Жергиликтүү кеңештин депутаттары чогулганда атайын келип жатам. Сөз бербесеңиз дагы мен баары бир сүйлөйм» деди.

Өз кезегинде төрага: «Мен сизди сүйлөөгө уруксат бере албайм» деп 5 мүнөттүк тыныгуу жарыялады.

Ал эми шаар тургуну: «Мына ушинтип балык башынан сасыйт. Мен силерге жөн келген жокмун. Токтогул ГЭСтер Каскадына тиешелүү элдин көйгөйүн айтайын деп келдим», - деп төрага менен айтыша кетти.

Шаардык кеңештин төрагасы шаар тургунунан сессияны үзгүлтүккө учуратпоону өтүнүп, жеке кабыл алуу үчүн өзүнүн иш бөлмөсүнө чакырды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×