Бөлүмдөр
Шаршемби, 24-апрель
Жалал-Абад облусуСузак району 11.04.2019 11:05

Сузакта 9 турак үйдүн короолорун сел каптады

Turmush -  Сузак районунда сел суулары турак үйлөрдү каптады. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 10-апрелде катуу жааган жамгырдын кесепетинен коктулардан келген сел суулар ички чарбалык арыктан ашып, Багыш айыл аймагына караштуу Караган жана Кызыл-Туу айылдарындагы 9 турак үйдүн короолорун каптаган.

Кырсыктын кесепетин жоюуга ӨКМдин Сузак райондук бөлүмүнүн башчысы жана ӨКМдин Сузак райондук №59 өрт куткаруу бөлүмүнөн 14 куткаруучу, ӨКМдин Сузак райондук №65 ӨКБдан 11 куткаруучу, ӨКМдин Сузак райондук №54 ӨКБдан 10 куткаруучу, жалпы 35 куткаруучу, жергиликтүү тургундар жана Багыш айыл аймагынан 2 экскаватор тартылган.

Тартылган күчтөрдүн жардамында суунун нугу башка каналга бурулуп, арыктын жээктерин бекемдөө иштери жүргүзүлгөн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×