Бөлүмдөр
Жекшемби, 21-июль
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 10.04.2019 17:19

Милиционерлер баңгизат менен кармалган жигитти сабаган эмес, - Жалал-Абад ОИИБ

Turmush -  Жалал-Абад ОИИБ ири өлчөмдө баңгизат менен кармалган Токтогул районунун тургуну милиционерлер тарабынан ур-токмокко алынды деген маалыматты төгүндөдү.

ОИИБдин маалыматына караганда, 1-апрелде оперативдүү иштердин жүрүшүндө Токтогул районунун тургуну 1 кг гашиш менен кармалган. Баңгизаттарды сатуу учурунда кармалган Н.А. (1993-жылы туулган) Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматында болгон. Аталган факт боюнча учурда ОИИБдин тергөө кызматы тарабынан иликтөө иштери жүрүп жатат.

«Шектүү кармалгандан кийин ал Жалал-Абад ОИИБге жеткирилген. Жолдон аны эч ким сабаган эмес. Ал убактылуу кармоочу жайга киргизилгенге чейин оорукананын дарыгерлери тарабынан текшерүүдөн өткөрүлгөн. Соттун чечими менен ал эки айга камакка алынган. Убактылуу кармоочу жайга киргизилип жатканда шектүү эч кимге доосу жок экенин билдирген. Бир сутка өткөндөн кийин ал аны сабап салышканын айтты. Убактылуу кармоочу жайдын кызматкерлери бул факт боюнча Кыйноолорду алдын алуу борборуна жана прокуратурага билдирүү жиберген. Тиешелүү кызматкерлер келип, ур-токмокко алгандыгын 3-күнү каттоого алышкан.

Убактылуу кармоочу жайдан анын денесине жаракат келтирилген эмес. Шектүү мындай жол менен жоопкерчиликтен качууга аракет кылууда. Шектүү болжолдуу маалыматтарга караганда, 2017-жылы 164-348-беренелер менен (уурдоо жана документтерди жок кылуу) 4 жылга эркинен ажыратылган.

Мындан тышкары, ага карата издөө жарыяланып, Россиянын аймагынан кармалгандан кийин депортацияланган.

Учурда баңгизаттарды сатуу фактысы боюнча сотко чейинки өндүрүш иштери жүрүп жатат», - деп айтылат Жалал-Абад ОИИБдин маалыматында.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×