Бөлүмдөр
Шаршемби, 24-апрель
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 10.04.2019 15:40 На русском

Жалал-Абаддын Пушкин көчөсүн 19,8 млн сомго кеңейтүү иши башталды (сүрөт)

Turmush -  Жалал-Абад шаарындагы Пушкин көчөсүн кеңейтүү ишинин экинчи фазасы башталды. Аймактык кабарчыга маалымдалгандай, ага шаардын казынасынан жалпы 26 млн 800 миң сом каралган.

«Бүгүндөн тарта көчөнү кеңейтүү иштери башталды. Өткөн жылы ушул эле көчөнү кеңейтүүнүн биринчи фазасы ишке ашкан болчу, ал эми экинчи фазасы каражаттын жоктугунан токтоп турган. Ал эми азыр 810 метр жол кеңейтилүү алдында турат. Ал үчүн шаардын казынасынан 26 млн сомдон ашык каражат бөлүнгөн. Тендер жарыяланып, андан 19 млн 807 миң сомду «Жалал-Абад АБЗ» компаниясы утуп алып, ишти баштады. Жолду кеңейтүү иштерин сентябрь айында бүткөрүү пландалууда», - деди шаардын мэри Мураталы Тагаев.

Белгилүү болгондой, жолду кеңейтүү иштеринин жүрүшүндө 9 жашоочуга тийиштүү жерлер алынгандыктан аларга компенсация төлөп берүү жагы каралууда.

Жыл башында шаардын бюджетин кароо учурда мэр Барпы Сейил көчөсү да кеңейтилерин жана Спутник кичи шаарчасы менен Курманбек кичи шаарчасын байланыштырган жол куруларын билдирген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×