Бөлүмдөр
Жекшемби, 21-июль
Жалал-Абад облусуБазар-Коргон району 10.04.2019 15:18

Базар-Коргондун Кеңеш айыл аймагында тазалык ишканасы ачылды (сүрөт)

Turmush -  Базар-Коргон районунун Кеңеш айыл аймагында 9-апрелде «Кеңеш» тазалык муниципалдык ишканасынын ачылышы болуп өттү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Ачылыш аземге долбоордун өкүлдөрү, жергиликтүү бийликтин жетекчилери, айыл тургундары катышты.

Ишкана бир гана Кеңеш айыл аймагына караган айылдарга эмес, Бешик-Жон айыл аймагына дагы кызмат көрсөтөт. Ал эми чыгарылган таштандылар үчүн 3 гектар жер бөлүнүп, тосмолор менен бекемделген.

Мындан тышкары, аймактагы элдин негизги көйгөйү болгон таза суу маселеси чечилип, Шырдыр-Коткор, Аук айылдарын камтыган насостук станция ишке берилди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×