Бөлүмдөр
Шейшемби, 16-июль
Жалал-Абад облусуАксы району 10.04.2019 12:02

Аксыда сууга агып кеткен жигит 8 күндөн бери табылбай жатат

Turmush -  Аксы районунун Тегирмен-Сай айылындагы Кара-Суу дарыясына түшүп кеткен 26 жаштагы жигитти издөөнү ӨКМ токтотту, ал эми жергиликтүүлөр өз алдынча издеп жатышат. Бул тууралуу аймактык кабарчыга Ак-Жол айыл өкмөтүнүн башчысы Бердалы Мырзагулов билдирди.

Анын айтымында, издөө иштери 8 күндөн бери уланууда.

«Сууга аккан жигитти издөө уланып, 30дай жергиликтүү тургун күн сайын издеп жатат. ӨКМдин 11 куткаруучусу издөө ишин токтотту. Суу жаз мезгили болгондуктан тунбай жатат», - деди ал.

Буга чейин 2-апрель күнү Аксы районунун Тегене айылынын 1993-жылы туулган С.К. аттуу тургуну сууга агып кеткени кабарланган. Аны атасы менен күйөө баласы куткара албай калганы айтылган.

Сууга аккан жигит 2 уул, 1 кыздын атасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×