Бөлүмдөр
Шаршемби, 24-апрель
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 10.04.2019 10:13

Жалал-Абадда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды

Turmush -  Жалал-Абад облусунун аймагында очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институтунун маалыматына караганда, жер титирөө 2019-жылдын 9-апрель күнү саат 16:35те катталган.

Жер титирөө Токтогул районунун Үч-Терек, Кетмен-Төбө, Саргата айылдарында 3 баллга, Кара-Жыгач, Торкент айылдарында 2,5 баллга жана Токтогул шаарында 2 баллга чейин сезилген. Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×