Бөлүмдөр
Шаршемби, 24-апрель
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 09.04.2019 17:51 На русском

Жалал-Абадда мыйзамсыз деп табылган көп кабаттуу үйлөрдүн курулушу токтотулат (сүрөт)

Turmush -  Жалал-Абад шаарында тургузулуп жаткан көп кабаттуу үйлөрдүн курулуштары токтотулат. Алардын басымдуу бөлүгү курулуш эрежелерин сактабагандыгынан улам мыйзамсыз деп табылган. Бул тууралуу бүгүн, 9-апрелде шаардык мэрияда мэр Мураталы Тагаев менен жеке ишкерлер катышкан тегерек столдо маалымдалды.

Анын жүрүшүндө көпчүлүк ишкерлер курулуш иштерин расмий уруксатсыз эле өзүм билемдик менен жүргүзүп жаткандыгы айтылды. Ал эми курулуп бүтүп калган айрым жайлардын курулуш талаптарына жооп бергидей сапатта эместиги жана тиешелүү мекемелерден уруксат алынбаганы аныкталган.

Мындан улам ишкерлерге Мамэкотехинспекциясы тарабынан курулуш иштерин токтотуу талабы коюлду. Ал эми ага карабай курулуштарын уланткан ишкерлерге мыйзам чегинде чара көрүлөт жана курулган имараттарды буздуруп, сүрдүргөнгө чейин барары айтылды. Учурда 20 объект текшерилип мыйзамсыз деп табылган.

2018-жылы Мамэкотехинспекция тарабынан 45 курулуш жайлары текшерилип, 1 миллион сомдон ашуун айып пул салынган. Ал эми өткөн жылы 2 курулуш ээлерине кылмыш иши козголуп, бирок жаңы кодекстерге кирген өзгөртүүлөрдөн улам артка кайтарылган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×