Бөлүмдөр
Шаршемби, 24-апрель
Жалал-Абад облусуАксы району 09.04.2019 16:52

Аксыда Ч.Айтматовдун чыгармалырын окуу боюнча сынак өтүп жатат (сүрөт)

Turmush -  Аксы районунда китеп окуу боюнча сынак өткөрүлүп жатат. Бул тууралуу Аксы райондук жаштар кеңешинин төрагасы Эламан Кочкорбаев билдирди.

Анын айтымында, окуучулар Чыңгыз Айтматовдун чыгармалырын окуу менен күч сынашууда.

«Райондогу мектеп окуучуларынын арасында китеп окуу боюнча «Аксы биринчилиги» аталышында сынак өтүп жатат. Сынакка катышкан окуучулар Ч.Айтматовдун чыгармаларын окуп, анын негизинде түзүлгөн суроолорго жооп бериши шарт. Сынакка жалпысынан райондогу 65 мектептин окуучулары катышууда. Учурда тандоо туру өтүп жатат. Ар бир мектептен бирден окуучу тандалып, 65 окуучу финалга катышат. Алардын ичинен жеңүүчүлөргө 111 миң сом акча байге берилет», - деди Э.Кочкорбаев.

Окуучуларга сынакты жаш ишкерлер уюштурууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×