Бөлүмдөр
Шаршемби, 24-апрель
Жалал-Абад облусуАксы району 09.04.2019 12:16

Аксыда козу карын терип саткан адамдардын саны арбыды (сүрөт)

Turmush -  Аксы районунун Кош-Дөбө айылынын тургундары талаадан кара козу карындарды терип сатууда.

Айыл тургуну Бекмырза Кудайбердиевдин айтымында, козу карындын 1 килограммы 100 сомго бааланууда.

«Талаада өскөн кара козу карын жыл сайын 100 сомдон 200 сомго чейин бааланат. 2014-жылы анын баасы 500 сомго чейин жеткен. Учурда кара козу карын тергендердин саны көбөйүп, көбү 10 килограммга чейин терип сатууда. Аны сатып алгандар коңшу өлкөлөргө экспорттошот», - деди айыл тургуну.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×