Бөлүмдөр
Жекшемби, 21-июль
Жалал-Абад облусуСузак району 09.04.2019 10:58

Сузактын Кара-Дарыя айылынын жаштары элдик китепкана түптөштү (сүрөт)

Turmush -  Сузак районунун Кара-Дарыя айылынын демилгелүү жаштар тобу элдик китепкана түптөштү.

Аймактык кабарчы маалымдагандай, бул демилге «Бир адамдан бир китеп» долбоорунун негизинде ишке ашты.

«Биздин айылда китепкана болгон. Бирок кайсы жерде жайгашканын билбейм. Менимче ал китепкананы буга чейин эч ким пайдаланган эмес. Биз бул долбоордун негизинде айыл элине алгач маалымат берип, эски, окулбаган китептерден баштап, жаңы китептерге чейин өткөрүүнү сурандык. Тургундар дароо колдоого алышты. Айрымдары эл окуй турган китептерди алгыла деп акчалай жардам көрсөтүштү. Жалпы 400гө жакын китеп чогулду. Аны убактылуу айылдагы №19 А.Абдукаимов атындагы мектепке атайын бир чоң класска жайгаштырдык.

Китептерге «Бир адамдан бир китеп» деген мөөр басып, элдик китепканага тиешелүү кылдык. Бул китепкана айылдын эли, айрыкча жаштар үчүн пайдалуу болот деп ойлойбуз», - деди «Кара-Дарыя жаштары» коомунун мүчөсү Бибигүл Орозалиева.

Аталган коом 2 жыл мурун жаштардын биригүүсү менен түзүлгөн. Бул коомдун негизги максаты айылдагы жаштарга, окуучуларга интеллектуалдык, маданий инвестиция тартуу болуп саналат.

Ал эми «Бир адамдан бир китеп» долбоору өлкөнүн булуң-бурчунда ишке ашырылып жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×